Бүгүн, 6-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Ош шаарындагы Салижан Жигитов атындагы орто мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрацисынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бул мектепти салууда 1 миллиард сом жумшалып, эки нөөмөттө 2500 окуучу окуй алат.
"Мунун өзү билимге, балдарыбыздын келечегине болгон камкордук биз үчүн артыкчылыктуу багыт экенин далилдеп турат. 2025-жылы эмгек акыга 58 миллиард сом каралса, 2026-жылдын 9 айында кошумча 41 миллиард сом бөлүндү. Мугалимдердин орточо эмгек акысы 25 миң сомдон 50 миң сомго чейин жогорулады",- деди Касымалиев.
Өкмөт башчы мугалимдерге жана окуучуларга ийгилик каалап, СТЕМ системине өтүүнү камсыз кылууну, Ош шаарын Кыргызстанда гана эмес, бүткүл Борбордук Азияда алдыңкы билим берүү борбору катары таанытууну тапшырды.