Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров түркиялык делегация менен жолугушту

5-февралда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров Башкент платформасынын президенти, Кайсери шаарындагы КРнын ардактуу консулу Мустафа Курт башында турган түркиялык делегация менен жолугушту. 

Эки тарап Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, ишкердик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү маселелери туурасында пикир алышкан.

“Бизди орток маданиятыбыз, тилибиз, тарыхыбыз бириктирип турат. Андыктан биздин өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүбүз керек”,- деди Зулпукаров.

 

Өз кезегинде Мустафа Курт: “Түрк ишкерлери өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогору баалайт жана дос өлкө катары Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө өз салымдарын кошууга даяр”,-деди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан