Бишкек шаарынын Ленин районундагы Кахов көчөсүндө көрктөндүрүү жана тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
"Бишкекжашылдандыруу" муниципалдык ишканасы 300 метр узундуктагы каналды тазалап, бак-дарактарды санитардык бутоодон өткөрдү. Ошондой эле каналга чектеш аймактар таштандылардан тазаланууда.
Мындан тышкары, көчөгө бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу жана газон себүү пландалууда.