Кыргызстандык Бегайым Түштүк Кореяда өткөн Changwon K-pop World Festival фестивалына өлкөнүн атынан катышып, өнөрүн тартуулады.
Ал соцтармактагы баракчасына сахнада корей тилинде ырдап жаткан видеосун жарыялады. Видеодон Бегайымды көрүүчүлөр коштоп жатканын көрүүгө болот.
"Бул мен үчүн өмүр бою эсимде кала турган өзгөчө тажрыйба болду. Кореянын сахнасында Кыргызстанымдын атынан өнөр көрсөтүү – мен үчүн чоң бакыт жана сыймык", - деп билдирүү калтырган ал.