"Бириккен демократиялык кыймыл" алдыдагы президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер менен катышуу чечимин кабыл алганы айтылды. Кыймылдын мүчөсү Мамбетжунус Абылов бир катар басылмаларга муну тастыктады.
Талапкерлердин катарында Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Бектур Асанов бар. Алар кыргыз тили боюнча сынактан ийгиликтүү өтүшкөн. Эми арасынан бирөө тандалмакчы.