Биз социалдык тармакта

Чүйдө таштандыларды туура эмес жерге төккөн ишканага айып пул салынды (видео)

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда өндүрүш аймагынын жанындагы турмуш-тиричилик калдыктарын атайын белгиленбеген жерге таштаган компанияга айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуу фактысын аныкташкан.

Натыйжада компанияга 17 миң сом айып пул салынып, калдыктарды атайын белгиленген жайларга чыгаруу жана санитардык-экологиялык талаптарды сактоо боюнча эскертүү берилди.

Чүйдө таштандыларды туура эмес жерге төккөн ишканага айып пул салынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан