“Кумтөр” боюнча депутаттарды жалган патриоттор дегеним чын”,- деди бүгүн, 5-февралда парламент жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев. Айтымында, ал депутаттарды атоонун зарылчылыгы жок. “Баткенде эл менен жолугушууда сурашты, “Кумтөр” маселеси эмне үчүн чечилбей жатат?” деп. Ошондо “айрым жалган патриоттордун айынан ушундай болууда” деп айткам. Макулдашуу кабыл алынбай, созулуп жаткан сайын өлкө каржылык жоготууга учурап жатканын билдиргем”,- деди Сатыбалдиев.
Төрага Асылбек Жээнбеков ал сөз бардык депутаттарга тийиштүү экенин, андай учурда депутаттарды атынан айтууну сунуштады.