Ош. Мектептердеги жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу үчүн кеңешме өттү

Ош шаарында 4-февралда мектептердеги жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, билим берүү мекемелериндеги тарбия иштеринин абалын жандандыруу максатында "Мектеп, ата-эне, коомчулук" аттуу кеңешме өттү. Социалдык өнөктөштүк долбоорунун алкагында өткөн иш-чара тууралуу Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов билдирди.

“Биз кайсы бир көйгөйдү кимдир бирөөгө шылтап коюп эмес, биргеликте иш-аракет жасоо маданиятына жетишүүнү максат кылып жатабыз. Ошондо гана коомубузда укук бузууга жол берилбейт. Бүгүн мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулукту болтурбоо үчүн жыйналып отурабыз, мындай демилгеден жакшы натыйжалар жаралат деген үмүттөмүн”,- деди ал. 

Кеңешмеге мектеп директорлору, ата-энелер коомчулугу, массалык маалымат каражаттары, Ички иштер башкармалыгынын жана аймактык кеңештин өкүлдөрү катышып, өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу максатындагы көйгөйлүү маселелер талкууга алынды.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан