Биз социалдык тармакта

Орунбеков: "Ала-Арчадагы жоголгон өспүрүмдү издөөгө тик учак тартылат" (видео)

Ала-Арча жаратылыш паркында дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы өспүрүмдү издөө иштерине тик учак тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев онлайн жыйында издөө иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.

"Учурда издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, тажрыйбалуу альпинисттер жана ыктыярчылар катышып, аймак дрон менен текшерилүүдө. Издөө ишине тик учак да тартылат",- деди Орунбеков.

Эскерте кетсек, 7-ноябрда 15 жаштагы өспүрүм Ала-Арчадагы Адыгене капчыгайына кеткен бойдон дайынсыз болууда.




Орунбеков: "Ала-Арчадагы жоголгон өспүрүмдү издөөгө тик учак тартылат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан