Биз социалдык тармакта

Ала-Арчага барам деп кеткен өспүрүм дайынсыз болууда

Бишкекте 2011-жылы туулган өспүрүм үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Милициянын маалыматына ылайык, ал 7-ноябрда эртең менен саат 07:00 чамасында Ала-Арча жаратылыш паркына чуркоого бара жатканын айтып, үйүнөн чыккан. Жашына байланыштуу жарышка катыша албай калгандан кийин Адыгене капчыгайын көздөй өз алдынча жөнөгөн. Күбөлөрдүн айтымында, өспүрүм саат 14:00дө "Электро" унаа токтотуучу жайынан көрүнгөн. Кечинде саат 19:00-20:00 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине телефон чалып, адашып калганын билдирген. Андан кийин аны менен байланыш үзүлгөн.

Кечээ, 8-ноябрда издөө иштерине ӨКМдин кызматкерлери жана альпинисттер тартылды. Издөө учурунда анын рюкзагы акыркы жолу телефон чалган жерден алыс эмес аралыктан табылды. Ошондой эле ошол күнү таңкы саат 05:05те анын телефону Аламүдүн районундагы Восток айылынан сигнал берген.

Учурда өспүрүмдү издөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан