Казакстандын Өскемен шаарында атасы өспүрүм кызын туулган күнү менен куттуктап, эрининен өпкөнү тартылган видео социалдык тармактарда чоң резонанс жаратты.
Видеодон атасы шамдар менен тортту колуна алып, 12 жаштагы кызын туулган күнү менен куттуктап жатканын көрүүгө болот. Куттуктоо учурунда ал түз эле кызынын эрининен өпкөн. Бул видео социалдык тармактарда нааразычылыктарды жана талкууларды жаратты. Мындай көрүнүштү айрымдары өөн көрүнүш деп эсептешсе, кээ бирлери бул атасынын ашыкча мээрими экенин жазышууда.
Чыгыш Казакстан облустук полиция департаменти бул факт каттоого алынганын тастыктады. Ички иштер органдарынын билдирүүсүнө ылайык, учурда атайын териштирүү иштери башталганы маалым болду.