Биз социалдык тармакта

Ташкентте ууланган казакстандык жаш футболчулар мекенине кайтып келишти

28-октябрдан 2-ноябрга чейин Ташкент шаарында өткөн балдар арасындагы футболдук мелдеш учурунда тамак-аштан ууланган казакстандык балдардын баары мекенине кайтып келишти. Алар тиешелүү медициналык жардам алып, дарылануудан өткөн. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Жанболат Усенов билдиргендигин казак басылмалары жазышты.

"Балдарды дарылоо Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин толук колдоосу менен жүргүзүлдү. Өзбекстандык кесиптештериме көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирем. Ошондой эле учурда Ташкентте окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет", - деп кошумчалады министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан