Ташкент шаарында өткөн "Достук кубогунун" эл аралык футбол турниринде Казакстандан барган жаш футболчулар жана аларды коштоп жүргөндөр тамак-аштан уулануу белгилери менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Казак маалымат булактары жарыялашты.
Маалым болгондой, 28-октябрдан 2-ноябрга чейин өткөн турнирге Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандын командалары катышкан. Ооруканага 16 жаш бала, чоңдордон 12 жаран жаткырылды. Ошондой эле футболчулардын бири жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгү кошумчаланды.
Окуянын так себеби азырынча аныктала элек. Лабораториялык анализдердин жыйынтыгы күтүлүүдө.