"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү

2014-жылдын 4-февралында КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев кол койгон буйрукка ылайык, "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эксперттик жумушчу топ 2014-жылдын 1-июлуна чейин иштөө мөөнөтү менен түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы №147 "Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгына жана анда негиз катары алынган сот системин андан ары реформалоо боюнча сунуштардын мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам көрсөтүү системин өркүндөтүү бөлүгүнө ылайык буйрукка кол коюлду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан