Бүгүн, 10-ноябрда социалдык тармактарда Ала-Арчада дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Амир Кунакуновдун сөөгү табылган учур тартылган видео жарыяланды.
Белгилей кетсек, Амир Кунакунов 7-ноябрда Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркындагы Адыгене чокусунан түшүп келе жатып дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү кечээ, 9-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тарабынан "Электро" чокусунун аймагындагы таштардын арасынан табылды.