Интернетте 15 жаштагы Амир Кунакуновдун тоого чыгып бара жаткандагы видеосу жана сүрөттөрү тарады.
Видеонун авторунун айтымында, тоодо аба ырайы өтө суук болуп, ызгаар шамал болгон. Ошондой эле Амир кол каптарын кийе албай, андан жардам сураган. Автор ага жардам бергенден кийин өспүрүм ыраазычылык билдирип, ары карай жолун уланткан.
Белгилей кетсек, Амир Кунакуновдун сөөгү кечээ, 9-ноябрда "Электро" чокусунун аймагынан табылды.