Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектиндеги 57-үйдүн жашоочуусу батиринде 15тен ашык ит багууда. Бул тууралуу Муниципалдык инспекция билдирди.
Маалым болгондой, Ленин райондук администрациясы тиешелүү кызматтар менен биргеликте комиссия түзүп, жеринде текшерүү жүргүздү.
"Жаран иттерди бир жуманын ичинде башка жакка жайгаштырууга милдеттенме алып, тиешелүү акт түзүлдү. Эгер белгиленген мөөнөттө иттер батирден чыгарылбаса, тиешелүү кызматтар тарабынан аларды атайын жайга жайгаштыруу маселеси каралат",- деп белгиленди маалыматта.