Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы алкактык макулдашуу ратификацияланды

2014-жылдын 4-февралында КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев "2013-жылдын 17-сентябрында Брюссель шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлигине Европалык инвестициялык банкка Кыргызстандын жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 16-январында кабыл алынган мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан