Асылбек Жээнбеков: “Кумтөр” боюнча парламент менен өкмөт бир чечимге келсе жакшы болмок”

Жогорку Кеңеште 5-февралда “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы макулдашуусу каралды. Төрага Асылбек Жээнбеков маселе боюнча парламент менен өкмөт бир чечимге келсе, өлкөгө жакшы болорун айтты.

“Ушуну менен 3 токтом кабыл алып жатабыз. Ал канчалык жакшы, сапаттуу болсо, ага Жогорку Кеңештин да салымы чоң. Буюрса, жакшынакай бир чечимге келебиз. Макулдашуу комиссиясы сунуштарды эске алуу менен иштеп чыгып, токтомду тармактык комитет аркылуу алып чыгат. Айрым редакциялык мүнөздөгү эле толуктоолор болбосо, ошол токтомду толугу менен добушка коёбуз”,- деди Жээнбеков.

Жогорку Кеңеште “Кумтөр” маселесин кароо бүгүн, 6-февралда улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан