Кыргызстандын студенттери Иранда өтө турган математика, химия жана статистика боюнча эл аралык олимпиадаларга катыша алышат

Кыргызстандын студенттери Тегеран шаарында (Иран) өтө турган математика, химия жана статистика боюнча эл аралык олимпиадаларга катыша алышат. 

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, математика боюнча XV, химия боюнча XVII жана статистика боюнча I эл аралык олимпиада 2014-жылдын 16-августунан 20-августуна чейин өтөт. 

Ар бир предмет боюнча катышуучулардын тобунда 5тен студент жана экиден окутуучу болушу керек. Кеткен чыгымдары, тамак-аш, жашаган жеринин акысы Ирандын уюштуруу тобу тарабынан төлөнөт. Учактын билетин катышуучулар өздүк эсебинен алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан