Бишкекте студенттер арасында дебат боюнча республикалык сынак өтөт

Бишкекте “Студенттин пикири-2014” аттуу республикалык дебат өтөт. Иш-чара 8-9-февраль күндөрү Кыргыз экономикалык университетинде орун алат. 

Уюштуруучулардын айтымында, дебатка Ысык-Көл, Нарын, Ош, Баткен, Талас жана Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынан 28 студенттин катышуусу күтүлүүдө. 

Талкууга окуу жайлардагы билим берүү системинин абалы, студенттердин коомдогу орду, ролу жана  биримдиги тууралуу темалар коюлган. 

Дебаттын максаты - жаштардын ой жүгүртүүсүн бир калыпка салуу, мамилелерин бекемдөө жана университеттердин биримдигин камсыздоо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан