Бөдөш Мамырова: “Ахматбек Келдибековдун оорусу басылбай жатканына карабай СИЗОго алып кеткени жатышат”    

“Ахматбек Келдибековдун оорусу басылбай жатканына карабай Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери СИЗОго алып кеткени жатышат”,- деп билдирди ЖКнын 6-февралдагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова. Айтымында, тергөөчүлөр Келдибековду ооруканада күнүнө 2 жолудан суракка алышууда.

“Келдибековго эки жолу операция жасалды. Экинчи операциядан кийин оорусу басылбай жатат. Ал өз жаны менен алектенип жатса, тергөөчүлөр күнүнө 2 жолудан суракка алышууда. Прокуратура өкүлдөрү “дары берүүнү токтоткула, СИЗОго алып кетебиз” деп жатышыптыр. Саламаттыкты сактоо министрлиги да “ден соолугу жакшы, СИЗОго алып кетүүгө болот” деген чечим чыгарып бериптир”,- деди Мамырова.

Мамырова экс-депутат Нурлан Сулаймановду мандатынан ажыратууда БШК чектен ашып кеткенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан