Жогорку Кеңештин 6-февралдагы жыйынында депутат Асия Сасыкбаева өлкөдөгү шаарчаларды өнүктүрүү зарыл экенин айтты. Депутат кичи шаарларды өнүктүрүүгө көңүл бурулбай жатканын белгилеп, мындай сунуш айтты:
“Кичи шаарлар ортосунда сынактарды жарыялоо жагын карашыбыз керек. Тазалык, шаардын архитектурасы, дизайны боюнча сынактар өтсө болмок. Буга биз да жардамдашалы. Айрым кичи шаарларга тажрыйбасы аз мэрлер шайланууда”.
ЖКнын регламенти боюнча ар түрдүү маселелер каралууда.