Кыргызстанда пенсия төлөөгө багытталган жылдык бюджет акыркы 4-5 жылда 52 миллиард сомдон 122 миллиард сомго чейин өстү. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Ошондой эле акыркы жылдары пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү 8800 сомго чейин жогорулатылган.
"Мурда 700 сомдук, 1000 сомдук, 1500 сомдук пенсиялар бар болчу. Азыр эң төмөнкү пенсияны 8800 сомго жеткирдик",- деп белгиледи Социалдык фонддун төрагасы.
Алиев айрым категориядагы жарандардын, анын ичинде үчүнчү топтогу майыптыгы бар адамдардын пенсиясынын базалык бөлүгү 50 пайыз өлчөмүндө төлөнөрүн белгиледи. Ошондуктан алардын жалпы пенсиясы 8800 сомго жетпей калышы мүмкүн экенин кошумчалады.
"Мындан тышкары, жаза аткаруу мекемелеринде жана карылар үйлөрүндө жана башка мекемелерде жашаган пенсионерлерге пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү гана төлөнөт. Алар аталган мекемелерден чыккандан кийин пенсиясы толук көлөмдө төлөнө баштайт",- деди Алиев.