Сузакта жаңы курулуп жаткан мечиттин экинчи кабаты урагандан жаракат алгандардын абалы туруктуу

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жаңы курулуп жаткан мечиттин экинчи кабаты урап, 59 адам жабыркаган эле. Бүгүн, 6-февралда Сузак районунун акиминин орун басары Асылкан Раманкулова жаракат алгандардын абалы тууралуу маалымат берди.

“Ооруканага  жабыркагандардын 59у кайрылган, алардын 7сү жаткырылган. Алардын азыркы абалы туруктуу. Негизинен мечиттин документинде мыйзам бузуу жок. Бирок биринчи кабаты буткөн соң, экинчи кабатын жергиликтүү тургундар өздөрү бүтүрүп, анын кесепети ушуга алып келди. Азыркы учурда комиссия түзулүп, текшерүү жүрүүдө. Кандай болгон, ким курганын тактап жатабыз”,- деди ал.

Эске салсак, 3-февралда саат 14:15 чамасында Сузак районундагы Ырыс айыл аймагына караштуу мечит-медресенин экинчи кабаты кулап түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан