Ош шаарында 22-февраль күнү шаардык мэриянын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитетинин жардамы менен Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата аскер кызматкерлеринин арасында "Ант-2014" сынагы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда аталган комитеттин төрагасы Сонунбек Жунусбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган сынак Оштогу Бабур атындагы Академиялык музыкалык драма театрында орун алат.
"Сынакта катышуучулар тарабынан аскердик даярдык, Калашников автоматын тездик менен чогултуу жана башка өнөрлөр тартууланат",- деди Жунусбаев.