Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда заманбап көчөткананын курулушу башталды (видео)

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын кызматташтыгынын алкагында Чүй токой аңчылык чарбасында заманбап көчөткананын курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор улуттук көчөтканалар системин өнүктүрүүгө, сапаттуу көчөттөрдү өстүрүүгө жана токойлорду калыбына келтирүүгө багытталган. Иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышып, тажрыйба алмашуу жана заманбап технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты.

"Иш-чаранын жүрүшүндө бак-дарактар отургузулуп, кыргыз-корей кызматташтыгынын символу катары көчөткананын курулушуна капсула салынды",- деп айтылды маалыматта.

Кыргызстанда заманбап көчөткананын курулушу башталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан