Бүгүн, 6-февралда парламенттин жыйынында “Ар-намыс” фракциясынан депутат Каныбек Осмоналиев борбордогу мектептердин директорлорунун ишин көзөмөлдөө керектигин айтты.
Анын айтымында, эл өкүлүнө ата-энелердин бири кайрылган. “Анын уулун күн сайын класстан чыгарып салышат экен. Директорго барса, “каалаган адамыңа, керек болсо президентке бар” деп эч кимден коркпой турганын айтыптыр. Алар эч кимден коркпой калышыптыр. Президент менен парламент мектеп жетекчилери менен качан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт? Алар өздөрүн хан деп сезип алышыптыр”,- деди Осмоналиев.