“Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Олег Панкратовду кантип кеңешчи кылып жүргөнүнө мен түшүнбөйм”,- деди ЖКнын 6-февралдагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу. Айтымында, Панкратов Бажы биримдиги боюнча коомчулукка туура эмес маалымат таратууда.
“Бажы биримдигине кирсек баалар кескин өспөйт” деп жатат Панкратов. Биримдик боюнча "жол картасын" карай элекпиз, бул маалыматтар ал тургай бизде жок. Эртең “Дордой” менен “Кара-Суу” базары жабылса, элге биз жооп беребиз”,- деди эл өкүлү.
Депутат премьер-министр аталган адамды кантип кеңешчи кылып жүргөнү түшүнүксүз экенин айтат. “Кыргыз өспүрүмдөрүнө жыныстык тарбия берүүнү башташ керек" деген киши дал ушул Панкратов”,- дейт депутат.