Биз социалдык тармакта

Бишкекте унаасын туура эмес жерге токтоткон айдоочулар айыпка жыгылды

Бишкектин Биринчи май районунда жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга каршы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө унааларын токтотууга тыюу салынган жерлерге токтоткон айдоочуларга 14 административдик протокол түзүлдү. Мындан тышкары, ээлери аныкталбаган 5 унаа айып короого жеткирилгени маалым болду.

Белгилей кетсек, рейдди милициянын кайгуул кызматы райондук муниципалдык администрация менен биргеликте өткөрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан