Бүгүн, 6-февралдагы маалымат жыйынында КРнын Социалдык фондунун жекелештирилген каттоо башкармалыгынын башчысы Жыпара Дүйшөмбиева: “Орусияда иштеп жаткан кыргызстандык мигранттар эртеңки пенсиясын ойлобой, бүгүнкү маянасын ойлоп жүрүшөт”,- деп билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз Республикасы Орусия Федерациясы менен мигранттардын пенсиясы боюнча маселелер тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Алардын эмгек тажрыйбасын, Кыргызстанга жөнөтүлгөн акча каражаттарынын көлөмүн эсептөө механизмдери түзүлүүдө. "2014-жылдын аягына чейин ушул маселени чечебиз деген үмүттөбүз",- деди Дүйшөмбиева.