Кечээ, 14-ноябрда саат 03:30 чамасында Toyota 4Runner үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында унаа башкарып баратканда токтотулду.
Милициясынын кайгуул кызматынан билдиришкендей, айдоочу медициналык текшерүүдөн баш тартып, кайгуул кызматкерлерине карата орой сөздөрдү айтты. Видеодон кармалган жаран мекеменин инспектору Надырбек Жусуповду тээп да жетишти. Натыйжада ага 80 миң сом айып салынып, 2 жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылды.
Ошондой эле "Майда бейбаштык" боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кошумчаланды.