Парламентте ушу тапта Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн кол топтоо жүрүп жатат. Демилгени “Республика” фракциясы көтөрүп чыкты. Маалыматка таянсак, 40тан ашык депутаттын колу топтолду. Эскерте кетсек, "Кумтөр" боюнча "Республика" фракциясы кабыл алган чечимде өкмөткө ишеним көрсөтпөө пункту бар.