“Республика” фракциясы “Кумтөр” боюнча үлүштү 67 пайыз кыла алат”,- деп билдирди парламенттин 6-февралдагы жыйынында фракция лидери Назарали Арипов. Айтымында, “Кумтөр” боюнча фракция акыркы чечимин кабыл алды.
“Биздин талап: “Центеррадан” чыкпай туруп кыргыз тараптын үлүшүн 50х50 пайыз кылуу, жаңы ишкана түзсөк үлүштү 67 пайызга жеткирүү, мындай болбосо, ишкананы улутташтыруу. Эгер өкмөт отставкага кетсе, шарт түзүлсө, “Республика” фракциясы үлүштү 67 пайыз кыла алат”,- деди Арипов.
Айта кетсек, жыйында депутат Дамира Ниязалиева өкмөттүн отставкасын талап кылган фракция лидерлерине “Эгер өкмөт кетсе, үлүштү 67 пайызга жеткире аласыңарбы?” деп суроо берген эле. Бул учурда “Ата Мекен” фракциясынын лидери залда жок болчу.