КРнын Соцфондго топтолуучу салымды төлөөчүлөр пенсияга чыкмайынча каражаттарын алууга мүмкүн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда маалымат жыйынында КРнын Социалдык фондунун башчысынын кеңешчиси Гүлнура Жуматаева билдирди.
“Адам өз табиятына ылайык “сокур” болот: ал акчаны азыр колдоном деп, кийинкисин ойлонбойт. Маселен, африкалык өлкөлөрдө жарандар Социалдык фондго салынган акчасын алып, андан соң жумушсуздук боюнча жөлөк пулга келүүгө аргасыз болушат. Биздин өлкөдө андай кадамга барууга болбойт”,- деди Жуматаева.