Бүгүн, 6-февралда парламент жыйынында депутат Каныбек Иманалиев “Кумтөр” маселесин чечүүдө Кыргызстан утулуп жатканын айтты. Айтымында, “Кумтөр” маселеси менен өкмөттүн отставкасын аралаштырбоо керек. “Жаңы өкмөт түзсөк, ал дагы “Кумтөр” маселесин чечүүдө жок дегенде 6 ай иштеши керек. Маселенин чечилбей жатышынан Кыргызстан жылына 80 миллион доллар жоготуп жатат. 3 жылда 240 миллион доллар жоготобуз”,- дейт Иманалиев.