Ош мамлекеттик университетинде Эл аралык эне тил күнүнө карата бир айлык жарыяланды

Ош мамлекеттик университетинде 21-Февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата өтүүчү иш-чаралардын бир айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Бир айлыктын алкагында ОшМУнун китепканасында китеп көргөзмө, тарых-юридика факультетинде студенттер арасында тил саясатына арналган дебат өтөт. Ошондой эле кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде Презитенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия иштеп чыккан  “Мамлекеттик тилдин улуттук долбоорун” коомчулукка жеткирүү максатын көздөгөн илимий-практикалык конференция уюштуруу пландалууда. Мындан сырткары калган факультеттерде эне тилге арналган дил баян сынактары өтө турганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан