Бүгүн Бишкек шаарынын түштүк кичи райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарынын түштүк кичи райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, шаардын төмөнкү кичи райондоруна электр энергиясын берүү кыска мөөнөткө токтотулат:

- 18:00дөн 20:00гө чейин Асанбай кичи районунун айрым жерлеринде, 6-11-12-кичи райондорунда; 

- 20:00дөн 22:00гө чейин 5-7-9-кичи райондорунун айрым жерлеринде; 

- 22:00дөн 00:00гө чейин 7-8-9-10-кичи райондорунун айрым жерлеринде.

Жарык “Абдыкалыков” көмөк чордонунун жабдууларын жогорку чыңалуудан бошотуу максатында өчүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан