«Ошэлектр» шаар тургундарынан чак түштө электр жылыткычтарын колдонбоосун суранат. Бул тууралуу бүгүн, 6- февралда басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, электр шаймандарына күч келип жатканын, абанын температурасынын төмөндөгөндүгүнө байланыштуу февраль айында электр энергиясын колдонуучулар бир топ көбөйгөн. "Учурда электр байланыштары күч келген абалда иштөөдө, айрыкча кечки саат 18:00дөн 22:00гө чейин" деп маалымдайт басма сөз кызматы.
Электр байланыштарын штаттык негизде сактап калуу максатында "Ошэлектр" ААКы электр жылыткыч буюмдарын кечки саат 18:00дөн 22:00гө чейин колдонбой, атайын жылытуу мештерин колдонууну сунуштады.