Бишкекте саясий ачкачылыктын курмандыгы Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чарасы өтөт

Эртең, 7-февралда саат 11:00дө Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин имаратында белгилүү укук коргоочу Шералы Назаркуловдун элесине арналган эскерүү иш-чарасы болот. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы маалымдады.

Шералы Назаркулов көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында саясий ачкачылыктын биринчи курмандыгы болгон. Ал. Үзөңгү-Кууш жеринин коңшу Кытай мамлекетине берилишине каршы чыгып, 22 күндүк саясий ачкачылыктын айынан 2002-жылдын 7-февралында көз жумган.

Эскерүү иш-чарасына Назаркуловдун туугандары, укук коргоочулар, мамлекеттик кызматкерлер, бейөкмөт уюмдар жана ММК өкүлдөрү катышат. Эскерүү кечеси Акыйкатчы институту тарабынан уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан