Ош шаарынын мэриясына бош орундарга сынак жарыялады

Ош шаарынын вице-мэрлигине сынак жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда мэриянын басма сөз катчысы Гүлзина Аманова билдирди.

Маалыматка ылайык, талапкерлердин билими жогорку болушу зарыл. Ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү, компьютерди колдонуу жана да муниципалдык же мамлекеттик кызматтарда кеминде 5 жылдык же адистиги боюнча кеминде 7 жылдык эмгек тажрыйбасы болуусу керек.

Мындан сырткары Ош шаарынын мэриясынын экономика, каржы жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысына да сынак жарыланганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан