Эркин Алымбеков: “Кумтөр” боюнча жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын деп бизди шылдыңдап жаткан өкмөттү отставкага кетириш керек”      

Жогорку Кеңештин 6-февралдагы жыйынында депутат Эркин Алымбеков: “Кумтөр” боюнча “Центерра” жасаган былык иштер жабылуу бойдон калсын деп бизди шылдыңдап, жаңы ишкана түзгөнү жаткан өкмөттүн жоопкерчилигин караш керек”,- деди. Депутат “Кумтөр” маселесин кыргыз тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен чечүүгө боло турган мисалдарды келтирди.

“Сатыбалдиев кулагыбызга "лапша" илип жатат. Бизде болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албай, эми жаңы юридикалык жак түзгөнү жатат. Ачык айтып коёюн, мен премьерликке же вице-премьерликке умтулуп жаткан жокмун. Арызымды даярдап койдум. Эгер парламенттен келишим колдоо тапса, мен мандатымды тапшырам”,- деди Алымбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан