Генералдык штабдын башчысына коргоо министри жана башка кызматтарга талапкерлерди сунуштоо тапшырылды

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Асанбек Алымкожоевге төмөнкү кызматтарга талапкерлерди сунуштоону тапшырды:

1) Коргоо министри;

2) Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы;

3) Улуттук гвардиянын жетекчиси;

4) Улуттук гвардиянын жетекчисинин орун басарлары.

"КРнын Өкмөтүнө Генералдык штабдын башчысы сунуштаган талапкерлер боюнча кызматтык дайындоо боюнча иш жүргүзүү тапшырмасы берилди" деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, бүгүн Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы кызматына Асанбек Алымкожоев дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан