"Кумтөр" катардагы чарбалык маселе эмес. Бул биздин көзгө басар байлыгыбыз, улуттук кадыр-баркыбыз",- деди 6-февралдагы парламент жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев. Айтымында, бул маселеде Кыргызстан өзүнүн көз карандысыз мамлекет экенин далилдеши керек.
"Депутат Дамира Ниязалиева (КСДП) суроо берди, "Ата Мекен" фракциясы өкмөттү таратуудан кийин "Кумтөр" маселесин чечүүдө өзүнө жоопкерчилик ала алабы?" деп. Мен суроо берем: Үлүштү 50х50 пайыздан бөлө турган бул келишимди колдоп, КСДП өзүнө жоопкерчилик ала алабы? Алгач ушул суроого жооп беришсин, анан мен жооп берем",- деди Өмүрбек Текебаев.