21-ноябрда Ош облусунда чоң аламан улак оюну өткөрүлөрү айтылды. Бул тууралуу мушкер Мыктыбек Оролбай уулу билдирди.
Мелдештин баш байгесине 5 унаа жана эки адамга Умрага жолдомо, ошондой эле акчалай жана мал түрүндөгү сыйлыктар коюлганы айтылды.
Улуттук ат оюндары той-мааракенин алкагында уюштурулары белгилүү болду.
Эскерте кетсек, аталган аймакта буга чейин да улуттук оюндар менен коштолгон той өткөн. Анда адам өмүрүн алган кырсыктар да катталган.