Украинада абал курч бойдон калууда. Украиналык басылмалардын 6-февралда берген маалыматына караганда, митингчилер бүгүн Жогорку Радага келишти.
Коомдук ишмерлер, депутаттар жана жана митингге көп убакыттан бери катышып келген калың топ “Биз күтүүдөн тажадык” деген плакат кармап Украинанын Өкмөт үйүнүн алдында турушат. Ал эми күч түзүмдөрү Жогорку Раданы күчөтүлгөн тартипте күзөтүшүүдө. Жогорку Раданын имаратынын Институтская көчөсү тарабында миңдей күч түзүмүнүн өкүлү орун алса, имараттын алдындагы аянт автобустар менен жабылган.
Эске салсак, бүгүн Жогорку Радада пленардык отурум орун алууда. Анда депутаттар Конституцияга реформа киргизүү, 2004-жылкы Конституцияга кайтуу тууралуу талдап жатышат.