Бүгүн, 6-февралда Жалал-Абад шаарындагы №1-орус гимназия жана №13-орус-өзбек мектептеринде кыргыз тили жана адабият сабактарынан ачык сабактар өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын максаты чет тилдүү мектептерде окуучулардын кыргыз тили сабагына кызыгуусун арттыруу, инсандык чыгармачылыгынын өнүгүүсүн камсыз кылуу жана мамлекеттик тилдин маанисин, кадыр-баркын жогорулатуу болуп саналат. Ошондой эле Кыргызстандын тарыхын, маданий мурастарын билүүгө, баалоого жана сактоого багытталган.