Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Суроо: - Жер тилкеси
боюнча Социалдык фондго тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөсө,
канча мөөнөттөн кийин айып пул салына баштайт жана туум (пеня)
канча болот? 1996-жылдан бери төлөбөсө, жалпы сумма канча
болушу мүмкүн? Айып пулду кантип
азайтса болот? Суроо калтырган Nadya_90
Жооп: - Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамынын
26-беренесине ылайык, камсыздандыруу салымдары боюнча айыптык төлөмдөр болуп ар бир
өткөн күн үчүн 0,1 пайыз өлчөмүндө үстөктөр же айып акылар эсептелет.
Камсыздандыруу салымдарын өз убагында төлөбөгөндүк үчүн кошуп эсептелген
үстөктүн жалпы суммасы камсыздандыруу салымдары боюнча негизги карыздын
өлчөмүнүн 100 пайызынан ашпоого тийиш.
Мисалы: 2013-жылдын жер үлүшү боюнча камсыздандыруу
төгүмдөрү 25-декабрга чейин төлөнгөнгө тийиш болсо, сиз камсыздандыруу
төгүмдөрүн 31-декабрында төлөдүңүз. Мында айып пул 26-декабрдан баштап 6 күнгө
0,1 пайыз өлчөмүндө эсептелет. Ошондой эле айып акы карыздын пайда болгонунан
баштап, карыз толук төлөнүп жабылмайынча эсептеле берет, бирок айып акы негизги
карыздын 100 пайыз өлчөмүнөн ашпашы тийиш.
Суроого
КРнын Социалдык фондунун басма сөз бөлүмүнүн кызматкери Нурбек Жанарбекович
жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.