Жогорку Кеңештин 6-февралдагы жыйынында Өмүрбек Текебаев “Кумтөр” боюнча пикирин айтууда. “Өкмөттүн позициясы башында эле белгилүү болчу. Өкмөттүн “Центерра” менен сүйлөшүүдөгү негизги адамдарынын бири – Дилгер Жапаров менен Кылычбек Шакиров. Булар кимдер? Дилгер Жапаров 2003-2009-жылдары зыяндуу келишимдерди даярдаган топтун мүчөсү. Бул Кыргызстандын адамы эмес, Канаданын агенти! Болбосо ошол учурда өкмөткө айтпайт беле, “келишим туура эмес” деп. Ошондо туура сөзүн айта албаган адам эми Жантөрө Сатыбалдиевге айтмак беле? Мына өкмөттүн сүйлөшүү жүргүзүүдөгү негизги адамы”,- деди Өмүрбек Текебаев.
Депутат “Кумтөр” боюнча жаңы келишимдеги кемчиликтерди да атап чыкты. Жыйында фракция лидерлерине сөз берилүүдө.