Өзгөн районундагы Ор-Казган айылы кар көчкүнүн кесепетинен беш күндөн бери башка аймактар менен байланыша албай келүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн айылга эки куткаруучу жана бир дарыгер жеткирилген. Ийри-Суу - Ор-Казган унаа жолунун 7-12-чакырымына 1-февралда кар көчкү түшкөн. Айылда 157 адам жашайт, алар башка аймактарга азырынча ат менен гана бара алышат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери карды тазалоо иштерин улантышууда.